БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курман айт 16-июнга белгиленди

Курман айт 16-июнга белгиленди

Интернеттен алынды

Бул тууралуу 7-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады. 

15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар келээрки жума аягында үч күн катары менен (15-16-17-июнь) эс алышат.

Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт быйыл 21-апрель жума күнү белгиленген.

Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 3-июндан башталган. Муфтият билдиргендей, Кыргызстан үчүн 6060 квота берилген. Зыяратчылардын 4 миңи Оштон учса, калгандары 5-10-июнь аралыгында Бишкектен учуп кетмекчи.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей