БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл кыргыз спортчулары алты айда 71 алтын уткан

Быйыл кыргыз спортчулары алты айда 71 алтын уткан

Сүрөт: "24 kg"

Кыргыз спортчулары жарым жыл ичинде дүйнө, Азия чемпионаттарынан жана эл аралык мелдештерден жалпы 268 медаль жеңген. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Спортчулар алты айда 71 алтын, 78 күмүш, 119 коло медаль утуп келишкен. 

Бул жалпы 131 спорттук иш чаралардагы көрсөткүч. 

Быйыл жыл ичиндеги мындай маанилүү мелдештердин бири жайкы Олимпиада. Оюндар 26-июлдан бери Парижде өтүп жатат. Ага 16 кыргызстандык 16 спортчу кеткен. Олимп оюндарында, бүгүн 5-августа Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыгат.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей