БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөйт

Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөйт

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө быйыл "Өчпөс полк" жүрүшү коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 1-майда Ички иштер министрлиги билдирди. 

Министрлик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

"Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жатат. Коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу менен Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрбөө чечимин кабыл алды", -деп айтылат ИИМдин маалыматында.

"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Оруссия, Казакстан жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн.

2014-жылдан тарта бул акцияга Бишкек шаары да кошулуп, анда миңге чукул адам согушка катышкан чоң аталарынын сүрөтүн көтөрүп жөө басышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей