БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Быйыл мечиттерде битир-садака берүү үчүн QR-коддор коюлушу мүмкүн

Быйыл мечиттерде битир-садака берүү үчүн QR-коддор коюлушу мүмкүн

Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстанда битир садака берүү үчүн QR-коддор коюлушу ыктымал. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Битир-садаканы кутучага салып кетишет, бирок ал кутучада канча каражат топтолгонун жана кайсы жака кетип жатканын эчким билбейт. Канчасы муфтиятка жеткизилет, канчасын өзү алат белгисиз. Эми ар бир мечитте QR-код менен төлөөчү электрондук программа киргизилет. Силер барып QR код менен төлөйсүңөр, ал муфтияттын жеке эсебине түшөт. Андан соң муфтият менен Аалымдар кеңеши кеңешип каражатты каяка жумшарын чечет", - деди Жапаров.

Өлкө башчы мындан сырткары дин мыйзамы, үгүт жүргүзүү боюнча суроолорго да жооп берди. 

Битир-садака Рамазан айында берилүүчү акча. Аны ар бир мусулман адам берүүгө милдеттүү. Муфтият 2024-жылы берилчү битирдин көлөмү 50 сом деп бекиткен эле. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала