БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо кандай өзгөрүү болот? Түшүндүрөбүз

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо кандай өзгөрүү болот? Түшүндүрөбүз

Сүрөт интернеттен алынды

Ушул жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат. Себеби, быйыл өлкөдө административдик-аймактык чек аралар өзгөрүп, кээ бир аймактар биригип, айрымдары бөлүнгөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештер да таркатылды.

Президенттин 6-сентябрдагы жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайра шайлоо болот.

Өнөктүктү өткөрүүгө айрым өзгөрүүлөр кирди. Мисалы, саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылган. Мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болчу.

Бул шайлоодо "талапкерлигин коём" деген мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер үчүн да эреже бир аз өзгөргөн. Мисалы, 30%дан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери ыйгарым укуктарын убактылуу эмес толугу менен токтотушу керек болот. Бул дегени шайлоодон өтсө-өтпөсө да кайра кызматына кайта албай дегенди түшүндүрөт. 

Шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аркылуу мандат алат. Ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча өтөт. Мында өзү талапкерлигин койгон шайлоо округу боюнча көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилет. Эгер, административдик аймакта жашагандардын саны 6000ге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

 Ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2,5 миңден 3000ге чейин көбөйтүлдү.

Партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар сандагы талапкерлерди көрсөтүшү керек болот. БШК мурда бир жарым эсе көп болгонун билдирди. Ошондой эле бул  шайлоодо аралыктан же электрондук добуш берүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет. Башкача айтканда, каттоосу башка аймакта болгон жарандар өзү турган шаарда добуш берсе болот. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей