БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу беш тур менен өтөт

Быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу беш тур менен өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу быйыл дагы беш баскыч менен өтөт. Биринчи тур 15-июлдан 20-июлга чейин болот.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-июлдан 17-июль саат 14:00гө чейин жүрөт. Ал эми окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу 18-июль саат 10:00гө чейин болуп, 20-июль саат 16:00гө чейин абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу жүрөт. 

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент онлайн" маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.

Быйыл Кыргызстандагы мектептерде 11-классты бүтүргөн 73 миң окуучунун 51 946сы Жалпы республикалык тестирлөөгө катышты.  Анын ичинен 58и "Алтын сертификатка" татыды. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей