БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Коопсуздукка байланыштуу Айт намазы мечиттерде гана окулат

Коопсуздукка байланыштуу Айт намазы мечиттерде гана окулат

Сүрөт: Ош-мэриясы

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт намазы мечиттерде гана окуларын кабарлады. Мындай чечим дүйнөдө болуп жаткан акыркы кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынган.

Намаз убактысы 10-апрелде саат 7:30га белгиленди. Мечиттерге чогулуу саат 6:15те башталып, баяндар айтылат.

Кыргызстанда 10-апрель дем алыш күнү деп жарыяланган.

Өлкөдө соңку жылдары Айт намаз борбордук аянттарда окулуп келген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей