БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3750 доллар деп чечилди

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3750 доллар деп чечилди

Сүрөт интернеттен алынды

Быйылкы ажылык сапардын баасы 3750 долларга бааланып, былтыркыдан 150 долларга арзандады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Эми бардык талаптарды аткарып, документин тапшыргандар ушул сумманы 27-февралдан 4-мартка чейин төлөшү керек.

Буга чейин 2000 долларын төлөп, ажыга барууга кезекке турган талапкерлер да калган 1750 долларды 4-мартка чейин төлөшү керек. Төлөмдөр РСК банк аркылуу жүргүзүлөт.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 50 орунга аз.

Ажылык мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей