БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Былтыр ажырашуунун саны өскөн

Былтыр ажырашуунун саны өскөн

Интернеттен алынды

Былтыр 45 миң 495 адам никеге туруп,12 миңден ашык жаран ажырашкан.Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

2022-жылга салыштырганда былтыр никеге тургандардын саны 2 миң 737ге аз болгон. Ал эми ажырашуулардын саны көбөйгөн. 

Жарандар эң көп 2021-жылы никеге турган. Анда 50 миң 747 адам баш кошкон. Акыркы беш жылдык статистика боюнча салыштырганда да ажырашуулар эң көп былтыр катталган. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей