БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Былтыр жол кырсыгынан 102 жаш бала көз жумган

Былтыр жол кырсыгынан 102 жаш бала көз жумган

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда былтыр жол кырсыгынан 783 адам каза болгон. Анын ичинен 102си жаш балдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстан сандарда" басылмасында маалымдалган. 

Көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 93 адамга көбөйгөн. Акыркы беш жылды эске алганда эң көп авто кырсык 2021-жылы катталып, 868 адам көз жумган. 

Өткөн жылы жалпы адамдын өлүмүнө жана жаракат алуусуна алып келген 6 миң 945 учур катталган. 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей