БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округда бүгүн 700гө жакын адам көчмө урна менен добуш берүүдө

Үч округда бүгүн 700гө жакын адам көчмө урна менен добуш берүүдө

Сүрөт: БШК

Бүгүн, 27-апрелде №7 Ош, №9 Кара-Суу жана №2 Баткен бир мандаттуу округдарында жалпы 687 адам көчмө урна менен добуш берип жатат. Алардын басымдуусун майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар түзөт. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Баткенде шайлоо участокторунан тышкары жерден добуш берүү өтүнүчү менен 31 адам кайрылган. Ош округу боюнча 488 жана Кара-Суудан 168 арыз түшкөн. Көчмө үкөктөр эрте мененки саат сегизден, кечки сегизге чейин аймактарды кыдырышат. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы эртеңкиге кошуп чыгарылат. 

28-апрелде Кыргызстандагы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Жалпысынан 30 талапкер БШКга катталган. 

Аталган округдардан 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген Айбек Осмонов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.

Автор: Т-Медиа > 353 статей