БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат

Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 30-июнда Кыргызстандын үч округунда Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Ноокат бир мандаттуу округунан - 9,  Свердлов он - 5 жана Ысык-Көлдөн - 14 талапкер ат салышууда.  

Жалпы 175 шайлоо участогунда 311 миң шайлоочу добуш берет. Шайлоодо «Түндүк» уюлдук тиркемесиндеги электрондук  паспортту да колдонсо болот. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, быйыл аталган округдарда 2021-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу көп шайлоочу катталган. Мисалы, Ноокатта 91 миң 57 жаран катталган. Бул мурдагы шайлоодогудан 9 155 шайлоочуга көп.

Свердлов округунда 122 миң 975 шайлоочу. 2022-жылдагы шайлоодон 16 миң 426 шайлоочуга көп. Ысык-Көлдө 97 миң 331 шайлоочу. 7 605  шайлоочуга өстү.

Кечээ, 28-июнда көчмө урна менен 918 шайлоочу добуш берген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей