БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кезексиз шайлоо: үч округдан 606 шайлоочу алдын ала добуш берди

Кезексиз шайлоо: үч округдан 606 шайлоочу алдын ала добуш берди

Сүрөт интернеттен алынды

27-апрелде үч округдан 606 шайлоочу алдын ала добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча  №2 Баткен шайлоо округунан 29, №7 Ош округунан – 419, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 158 шайлоочу көчмө урналар менен добуш берген. 

Көчмө үкөктөр менен шайлоо белгиленген күндөн бир күн мурун ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандар добуш берет. БШКнын маалыматы боюнча, алдын ала добуш берүү өтүнүчү менен 687 жарандан арыз түшкөн. 

Бүгүн, 28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандатту округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Үч округдан жалпысынан 30 талапкер БШКга катталган. 

Ош округунан 13 талапкер шайлоого аттанып, кийин бирөө өз каалоосу менен талапкерлигин алган. 26-апрелде БШК талапкердин экөө - Максатбек Маматкулов жана Бекмурза Эргешовду шайлоодон четтеткен. Анда мекеме Эргешов боюнча социалдык түйүндөргө чыккан видео иликтенгени, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулганы, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынганы, прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берери, Боршайком конституциялык-укуктук жактан чечимин кабыл алууга укуктуу экенин белгилеген. Ал эми Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын маалымдаган.

Талапкерлер эртеси БШКнын чечимине каршы Бишкетин Административдик сотуна кайрылышкан. 27-апрелдин кечинде сот Эргешовго байланыштуу чечимди жокко чыгарганы белгилүү болду. Ал эми Маматкуловдун даттануусу канааттандырылган эмес. 

Оштон 12 талапкер, Баткенден 10 жана Кара-Суудан 7 талапкер өнөктүккө катышууда. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей