БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округдагы кайра шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Үч округдагы кайра шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Интернеттен алынды

Бүгүн, 10-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов округдарынан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, бул округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календардык планына ылайык, үгүт иштери 29-июнь күнү саат 8:00дө аяктайт. 

БШК депутаттыкка арыз берген 44 кишинин 29ун талапкер кылып каттады. Анын ичинде экөө аял. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген. Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. Ал эми Свердлов районундагы шайлоого 9 млн сомдон ашык каражат жумшалат.

Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей