БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч жашар Алиянын өлүмү: анестезиолог менен борбордун жетекчиси тергөө абагына киргизилди

Үч жашар Алиянын өлүмү: анестезиолог менен борбордун жетекчиси тергөө абагына киргизилди

Сүрөт: "Кактус"

Тишин дарылатуу учурунда каза болгон үч жашар Алия Кубанычбекованын өлүмүнө шектелген анестезиологдун баш коргоо чарасы камакка алуу менен өзгөртүлдү. Мындай чечимди 1-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекемеден билдиришти. Ага ылайык, дарыгер 21-мартка чейин кабакта болот. 

Ал эми медициналык борбордун жетекчиси 1-апрелге чейин камалды.

Райондук сот буга чейин анестезиолог Кылмыш- жаза кодексинин 146-беренеси ("Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы") боюнча айыпталса, учурда ал "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен алмашканын белгиледи.

1-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын жанына Алия Кубанычбекованын 60ка жакын тууганы чогулган. Бирок аларды Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткен. Бул боюнча ИИМ комментарий берген эмес. 

Алиянын өлүмү 

Алия Кубанычбекова былтыр 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Бирок операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып "тишин тазалайбыз" дешкенин, бирок ага ийне сайгандан кийин наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан кетип, аталган медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Январь айынын аягында Бишкек шаардык соту анестезиологду үй камагына чыгарган. Ишти караган соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экендигин жана ага коюлган айып анча оор эмес кылмыш категориясына кирерин эске алуу менен ушундай чечимин кабыл алынганын маалымдаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей