БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Чагымчыл видео". Бийлик алтын куймалары тартылган тасмага кандай комментарий берди?

"Чагымчыл видео". Бийлик алтын куймалары тартылган тасмага кандай комментарий берди?

Видеодон скриншот

Социалдык тармактарда тарап жаткан алтын куймалар тартылган видеону Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "чагымчылдык" деп атады. Тасмадагы адам "Сабыр ава" деген жаранга кайрылып, жүк жөнөтүлүп жатканын айткан. 

Видеону өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров да Ютуб каналында бөлүшүп, сөз президенттин бир тууганы Сабыр Жапаров тууралуу болуп жатканын билдирген. Ал кутуларда 2.07.23, куймалардын саны жана IKU-LCA (Тамчы менен Кипрдеги аэропорттун белгилери) жазылганын белгилеген.

Атайын кызмат бул чагымчыл тасма экенин айтып, ага чет өлкөдө жүргөн, мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн иш козголгон айрым жарандар тартылган деген маалымат таратты.

"Деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргызстанда жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу", - деген УКМК. 

Видео тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да социалдык тармактагы баракчасына комментарий берди. Ал "тасманы Асхат Осмонов аттуу активист атайын жасалмалап жасаган" дейт.  

"Жасалма кагаз акчалар, алтын куймаларга окшош оюнчуктар болот. Асхат Осмонов деген шылуун алыста жүрүп зээриксе керек, оюна келген калптарды мезгил-мезгили менен чыгарып турат. Алтын оор болот, куймаларды кагаз коробка кантип көтөрмөк эле?! Анын сабатсыздыгы так ушул жерден билинип калыптыр. Бул жаран 2020-жылы "Чоң-Казат" кыймылынын курамында болуп, бийликке келүүгө аракет кылган. Максаты ишке ашпаган соң, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, кийин Америкага чыгып кеткен. Азыр уктаса-турса бийликтин кетишин кыялданып, бузукулук менен жалган маалыматтарды таратып коюп отурат". 

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов видеону жасалмалоого иликтөөчү журналисттин өзүн күнөөлөгөн пикирин жазган. 

"Мен башынан эле, бир канча жыл мурун ушул Болот Темировко "изилдөөчү-журналист" болуп чыкканда, шекшигендей болуп, ишенген эмесмин. Эми бүгүнүсүн карабайсыздарбы. Тамчыдан Кипрге кайсы бир жылы жайында бир чартер учканын көрүп, өзүнө түгөй бир башка саткын-акмактар менен жасалма бир видео тартып, "бийлик алтынды уурдап, сыртка ташып чыгарып атат" деп жалаа жалган эле эмес, кадимки душманчылык кылганын. "Соцмедиада бир видео тарады" демиш болуп, бир эле саатта калп эле изилдөө кылымыш болуп, ютубка мобундай дап-даяр шедевр илип, тим эле тастыктай салганычы. Өздөрү фейк тартышкан!  Фейк болгону даана көрүнүп турат", - деген Байсалов. 

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тараган эле. Кийин президент бул сүрөт тууралуу өзү комментарий берип, ал 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей