БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чалдыбар жатак-мектебинин жабылышына каршы болгондор Жогорку Кеңештин алдына чогулушту

Чалдыбар жатак-мектебинин жабылышына каршы болгондор Жогорку Кеңештин алдына чогулушту

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатында окуган балдардын жакындары, мугалимдер жана бүрүүчүлөрү чогулушту. Алар аталган мекеменин жабылышына каршы экенин билдиришип, президентке кайрылышты.

Чогулгандар мектеп-интернат 7-июнда жабылып, 62 окуучу таратылганын билдиришти. Мугалим Урия Атакулованын айтымында, мекемеде томолой же жарым жетим жана жалгыз бой энелер менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим алчу.  

"2022-жылы мектеп-интернатка "Манас" лицейи көчүп келген. Ошондон бери ошол жакта жайгашкан. 2018-жылдан бери мектепке соттун чечими менен бир да баланы кабыл албай калганбыз. Учурда жалпы 62 окуучу бар болчу. Азыр аларды таркатты. Төрт окуучуну ата-энелери баш тарткан. Аларды Токмокко жайгаштырды. Азыр ал жер "Манас" жатак-лицейи болуп кайра түзүлдү", -дейт Атакулова. 

Ал эми Билим берүү министрлиги Чалдыбар жатак-мектеби бардык шарты бар экенин тастыктаган аккредитациядан өтпөгөнүн маалымдады. Текшерүү учурунда эч кандай тастыктоочу документтери да жок болуп чыккан. Министрлик бирок ага карай жатак-мектептин жетекчилиги тарабынан балдарды жайгаштыруу уланып келгенин белгилейт. Мындан улам мектеп-интернат "Манас" жатак-лицейине кошулуп, кайра уюштурулууда. 

"Текшерүү учурунда мектепте, жатаканада тазалык сакталбагандыгы, балдарга тиешелүү өздүк гигиена каражаттарынын жоктугу, жатакана эмеректеринин эскилиги, жуунуучу мончонун көк жыттанып, өтө начар абалда экендиги, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан электр зымдарынын көбүнүн ачыктыгы аныкталган. Ошондой эле мугалимдердин календардык жана окуу пландары бекитилген эмес, IV чейректе айрым окуучуларга баа коюлбаган, окуучулардын жыл ичиндеги жетишкендиктери боюнча таблицалар толтурулбаган. 2022-2023-окуу жылында 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр болгон эмес. Ал эми 9-классты 18 окуучу аяктап, эки окуучунун күбөлүгү берилген эмес", -деп айтылат маалыматта.

Ведомоствонун маалыматы боюнча, Чалдыбар жатак-мектебинде 54 адам эмгектенет. Анын ичинен 18и мугалим, 18 тарбиячы. Калганы техникалык кызматкерлер. Бирок 21 кызматкердин гана эмгек китепчелери аныкталган. 

"Жатак-мектепке республикалык бюджеттен 2023-2024 окуу жылына карата 14 млн 947 миң 900 сом бөлүнгөн. Атайын өздүк бюджеттен 2 млн 87 миң 152 сом кеткен", -деп билдирди министрлик.

Чалдыбар мектеп-интернаты томолой же жарым жетим балдарды, жалгыз бой, майып ата-энелердин балдарын кабыл алган жалгыз мекеме. Тамак-ашы, жатаканасы менен камсыздалган, 11-класстык билим берүүгө ылайыкташкан. 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 355 статей