БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Чаткал: кар көчкүдө калган дагы үч адамдын сөөгү табылды

Чаткал: кар көчкүдө калган дагы үч адамдын сөөгү табылды

ӨКМ тараткан сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Сай тоосунда дайынсыз болуп жаткан дагы үч адамдын сөөгү табылганын билдирди. 

Куткаруучулар аларды бүгүн, 19-октябрда түшкө жуук табышкан. Министрлик маркумдардын сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жана туугандары өткөрүп берилип жатканын кошумчалады.

18-октябрда дайынсыз жоголгон алты адамды издөөгө тик учак тартылып, ошол күнү үч адамдын сөөгү табылган. 

9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана чет элдик бир жаран (жалпы 14 адам) эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан. 16-октябрда алардын сегизи аман-эсен табылган.

Ал эми ӨКМге калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген. 

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей