БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Чаткалда жоголгон алты адамды издөөгө тик учак тартылды

Чаткалда жоголгон алты адамды издөөгө тик учак тартылды

ӨКМ тараткан видеодон скриншот

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөөгө тик учак тартылды. Тик учак бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынан учканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Мекеменин маалыматына ылайык, издөө иштерине 20 куткаруучу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. 

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана чет элдик бир жаран (жалпы 14 адам) эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан. 16-октябрда алардын сегизи аман-эсен табылган. Ал эми ӨКМге калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген. 

Эндик - сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Тамыры жоон болуп, тик өсөт. Кызыл боёгу болгондуктан косметикалык каражат катары колдонулат. Кыргызстандын тоолорунда анын үч түрү бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 661 статей