БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чечен активисти Мовлаев Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болду

Чечен активисти Мовлаев Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болду

Сүрөт: knews.kg

Кыргызстанда "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен соттолуп, жазасын өтөп чыккан чеченстандык активист Мансур Мовлаев Кыргызстандан чыгып кетти. Бул маалыматты "Азаттыкка" анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу 27-ноябрда ырастады. Мансур Мовлаевдин коопсуздугу үчүн ал кайсы өлкөгө качан чыгып кеткени тууралуу айткан жок.


"Ал Кыргызстандан кетип соттун чечимин аткарды", - деди Бакытбек Автандил уулу.

Мансур Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 20-ноябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча коллегиясынын чечими менен сот залынан бошотулган. Аны өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлгөн.

Адвокаты ал соттон чыккандан кийин кайда экени белгисиз экенин, аны менен байланыша албай жатканын айткан.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист мекенинде аны катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган. Ал былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан.

Быйыл августта Кыргызстандын атайын кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген. Мовлаевге "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей