БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот чечен активистин Кыргызстандан чыгарууну УКМК менен ИИМге милдеттендирди

Сот чечен активистин Кыргызстандан чыгарууну УКМК менен ИИМге милдеттендирди

Мансур Мовлаев сот залында

Бишкекте соттолуп, 20-ноябрда бошотулган чеченстандык активист Мансур Мовлаевди өлкөдөн чыгаруу өкүмүн аткаруу милдети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматка жүктөлдү. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

 

Мекеменин маалыматына караганда, соттук коллегиянын өкүмү менен Биринчи Май райондук сотунун 4-октябрдагы өкүмү өлкөдөн чыгаруу тууралуу бөлүк менен толукталды, Мовлаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

Мовлаев бошотулганы 20-ноябрда түшкө маал белгилүү болгон. Анын адвокаты Бакыт Автандил "Алты айлык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Ошонун негизинде сот залынан бошотулду. Азыркы макамы – ал бош адам. Өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим ошо бойдон күчүндө калды. Бирок сот бошоткондон кийин ага кандайдыр бир кызматкерлер келип "токтоп туруңуз" деген жок", - деп "Азаттыкка" билдирген.

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист мекенинде аны катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган. Ал былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан. Быйыл августта Кыргызстандын атайын кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. Мекеме Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мовлаевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты айга эркинен ажыратылган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей