БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чехияда асмандан акча жаадыбы?

Чехияда асмандан акча жаадыбы?

Видеодон скриншот

Социалдык тармактарда Чехияда асмандан акча чачылып, элге 1 млн доллар таратылганы тууралуу тасма тарап жатат. Анда жүздөгөн адамдар ээн талаада чуркап, акчаларды терип жатканын көрүүгө болот.

 

 

Биз маалыматтын башкы булагын издеп көрдүк. 

 

 

Чындыгында эле Чехияда 22-октябрда учак менен акча чачылган. Аны Камиль Бартошек аттуу Инстаграм колдонуучусу тараткан. 

 

Бартошек соцтүйүндө 923 миң катталуучусу бар, Kazma каймана аты менен белгилүү болгон чехиялык инфлюенсерлердин бири. Акчанын таратылганы тууралуу видеону анын баракчасынан да көрсөңүз болот. 

 

Акча кантип таратылып калган? 

 

 

Быйыл Бартошек командасы менен “Onemanshow: The Movie” фильмин тартып, 17-августта анын бет ачаарын кылган. 

 

 

Бирок оюндун талаптарын эч ким аткара алган эмес. Мындан улам Бартошек акчанын баарын анын сайтына катталган жарандарга таратууну чечкен. Ал акча кайсы убакта, кайсыл жерде чачыла турганы тууралуу код менен жазылган катты катталуучуларынын электрондук дарегине жөнөткөн. 

 

 

Коддун жандырмагын таба алган миңдеген жарандар 22-октябрда Прагадан алыс эмес жердеги Лиса-над-Лабем шаарында учактан чачылган акчаны каалашынча ала алышты. 

Айтмакчы, бул акчалар жөн гана таратылган жок. 1 млн доллардын баары бир долларлык купюралар болгон жана анын ар бирине QR код тиркелген. Ал аркылуу акциянын катышуучулары кайрымдуулукка каражат которо алышат. 

Жыйынтык: чын. Казма каймана аты менен таанымал инфлюенсер бир долларлык купюралардын ар бирине кайрымдуулукка акча которо турган эсептин QR кодун тиркеп тараткан. 

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей