БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чек ара кызматы аскер кызматкерлеринин кайрылуусу боюнча билдирүү таратты

Чек ара кызматы аскер кызматкерлеринин кайрылуусу боюнча  билдирүү таратты

Сүрөт: "Говори тв"

Чек ара кызматы соцтармакта жардам сурап, кайрылуу кылып жаткан аскер кызматчыларынан ведомствого кайрылууну өтүндү. 

 

Ошондой эле, ведомство чек ара кагылышуусунда каза тапкан аскерлердин үй-бүлөлөрүнө камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп, бойго жете элек балдарга жөлөк пул чектөө үчүн документтер топтолуп берилгенин айтып жатат.

Андан сырткары чек ара кызматынын маалыматы боюнча: 

Каза тапкан бардык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө, оор жаракат алган аскерлерге акысыз турак-жайлар берилген;
Жаракат алган аскерлерге Кыргызстанда жана чет өлкөлүк клиникаларда медициналык реабилитациядан өтүүгө чейин зарыл болгон жардамдар көрсөтүлгөн;
Жаракат алган аскерлерге камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөн;
Аскердик кызматка жараксыз деп табылгандарга камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп, ай сайын майыптыгы боюнча пенсиялык төлөмдөр эсептелинүүдө;
Жогоруда аталган категориядагы аскерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө  демөөрчүлүк каржылык жардамдар көрсөтүлгөн.

Буга чейин, 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик ек арасындагы кагышылышка катышкан Курбанбек Абдикаримов аттуу аскер кайрылуу жасап, анда ал жөлөк пул алуу үчүн документ жыйноодо кайдыгер мамилеге туш болгонун айтып чыккан. Ал эми кагылышууда оор жаракат алып, аскер кызматынан бошогон Турусбек Ниязбеков майыптык топко тийиштүү документтерди топтоо процессин тездетип берүүнү суранып чыккан.  

Эске салсак, 2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, 36 кыргызстандык курман болгон. Анда 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстандын 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, "Озоди" өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптап келүүдө.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей