БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чек ара кызматынын Караколдогу аскер бөлүгүнүн курамы кеңейтилет

Чек ара кызматынын Караколдогу аскер бөлүгүнүн курамы кеңейтилет

Чек ара кызматынын аскер бөлүгү. Булак: president.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан "Байсары уулу Кыдыр аке" атындагы 2028-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы кеңейтилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

"Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле "Бедел", «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда",-деп айтылат маалыматта. 

13-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында аталган аскер бөлүктүн материалдык-техникалык базасы менен таанышкан. 

1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан, жараксыз абалга келип урай баштаган. Учурда объектте капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей