БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынып салынды.

Аталган мыйзам долбоору комитеттик жыйындын күн тартибинде жок болчу. Аны Надира Нарматова сунуштап, анда коомчулуктун пикири эске алынганын айтты.

"Жалпы жарандык коомдун, эл аралык эскперттик топтордун, коомчулуктун сунуштарын эске алып документтен кылмыш жоопкерчилигин толугу менен алып салдык. Түзөтүүлөр сиздердин назарыңыздарга берилип жатат", -деди Нарматова.

Натыйжада көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорундагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынып, экинчи окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоордо "коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн" деп табылса, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, кайтарылган.

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нече депутат баш тарткан.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

Автор: Т-Медиа > 354 статей