БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Чет өлкөлүк өкүл: мыйзамда эмнелер каралган?
"Чет өлкөлүк өкүл". Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдарга ушундай макам берүүчү мыйзам долбоору бир жылдан бери катуу талкууланып келе жатат. Аны депутат Надира Нарматова демилгелеген. Башында мыйзам долбоорго 32 депутат автор катары көрсөтүлүп, кийин айрымдары демилгечиликтен баш тарткан эле. Азыр авторлордун тизмесинде 19у калды.
Бул мыйзам кабыл алынса ким чет өлкөлүк өкүл болот?
Мыйзам долбоору боюнча коммерциялык эмес уюмдар чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан, акча жана башка мүлктөрдү алган болсо чет өлкөлүк өкүл деп таанылат. Ошондой эле, чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргызстандын саясий иштерине катышкан коммерциялык эмес уюмдарда бул тизмеге кирет деп көрсөтүлгөн.
Анда кандай учурда сайсий иштерге катышты деп эсептелет?
Коммерциялык эмес уюм мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан саясатты өзгөртүүгө, алардын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса мамлекеттин саясий иштерине катышкан болуп таанылат. Мисалы, тууну өзгөртүүгө, салык боюнча жаңы мыйзамдарга каршы чыгууга чакырыктар сыяктуу акциялар ушул берене менен бейөкмөт уюмдардан каржы алган адамдарды чет өлкөлүк өкүл кылып кою кооптуулугу бар.
Бирок мыйзамда илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, сергек жашоо, дене тарбия жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери саясий ишке кирбейт деп белгиленген. Муну менен ар кандай кайрымдуулук иштерди жасап , социалдык көйгөйлөрдү чечсе болот. Эгер, кайсыл бир туура эмес чечимдерге өз оюн билдирсе болбойт.
Кандай жазалар каралган?
Жаңы долбоор боюнча "жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы жосундарды жасоого козутуу" менен коштолгон бирикме же коммерциялык эмес уюмду түзгөн адам 50 миңден 100 миң сомго чейин айыпка жыгылат же беш жылга эркиндигинен ажыратылат. Ал эми ал бирикмелердин ишине катышкан, алардын жумушун пропагандалаган жарандар 100 миңден 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Же он жылга камалып кетиши мүмкүн.
Бирок 17-октябрда ушул мыйзам долбоору боюнча өткөн парламенттик угууда Жогорку Сот бул беренени алып салууну сунуштаганы айтылган.
"Сунушталып жаткан беренеде юридикалык аныктык принциби сакталбагандыгы байкалат" - деген пикирди билдиргенбиз. Мындай жагдай укуктук ар кандай чечмелөөгө, аны өзүм билемдик менен кыянат колдонууга, жазык мыйзамдарынын жалпы жана Конституциялык принцибинин бузулушуна алып келиши мүмкүн" - деген Жогорку Соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Маргарита Сапиянова.
Дагы кандай өзгөрүү болот?
Жаңы мыйзам долбоору боюнча коммерциялык эмес уюдардан кошумча отчёт талап кылуу каралып жатат. Маселен, мындай уюмдар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу маалыматты квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучуларынын курамы тууралуу маалыматты жарым жыл сайын берип турушу керек болот. Аудитордук корутундуну – ар жыл сайын беришет.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Мындай текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү бийликтин арызы негиз бериши мүмкүн. Башкача айтканда, сиз бийликтин саясатына каршы чыккан болсоңуз, кайра эле бийликтин арызы менен текшерүүгө алынып калышыңыз мүмкүн.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat