БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Чет өлкөлөрдө 13,3 миңден ашуун кыргызстандык мыйзамдуу түрдө ишке орношкон
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлөрдө кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча иш алып барып жатышканын билдирди.
Министрлик өткөн жылда 13 миңден ашуун жаран мыйзамдуу ишке жайгашканын маалымдайт. Эмгек министрлиги Орусияда, Улуу Британия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө жумушка орношууга болорун кошумчалайт.
Ишке орношкондордун ичинен 4,5 миңге жакынын аял кишилер түзөт. Алар министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мындан сырткары миграциялык кеңештер боюнча 129 миң жаранга жардам берилген.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык бар экени айтылат. Ал эми бейрасмий маалыматарга таянсак бир миллинго жакындашы мүмкүн.
Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat