БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Чүй менен Жалал-Абадда жер титиреди

Чүй менен Жалал-Абадда жер титиреди

Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад облусунда 3,5 балл жана Чүйдө үч балл жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин (Косо-Терек айылынан 10 чакырым түндүк чыгышта, Кызыл-Үнкүр айылынан 15 чакырым тундүк чыгышка, Жаз-Кечүү айылынан 15 чакырым түндүк батышка, Арсланбап айылынан 25 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген",- деп айтылат маалыматта.

Ал эми күчү үч магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала