БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чуңкурчакта аскадан секирген кишинин арканы үзүлүп каза тапты

Чуңкурчакта аскадан секирген кишинин арканы үзүлүп каза тапты

Сүрөт интернеттен алынды

Чүй облустук милициясынын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында бийиктен секирген эркек кишинин арканы үзүлүп кетип көз жумган. Окуя бүгүн, 6-июлда саат 13:00 чамасында Flyjump деген спорт комлексте болгон.

"Маркум 39 жаштагы болгон. Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кийинчерээк кененирээк маалымат берилет ", - деп билдирди мекеме. 

Интернет колдонуучулары маркум эс алууга үй-бүлөсү менен келгенин, жанында балдары болгонун жазышууда. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей