БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Дагестандагы куралдуу кол салуулардан кеминде 17 адам каза болгонун Би-Би-Си кабарлады. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

"Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм"-деп жазылган өлкө башчынын телеграммасында. 

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турарына жана орус өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой тургандыгын белгилеген. 

23-июндун кечинде Дагестандын борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир убакта куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Андан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылганы маалымдалды.  

Орусиянын Тергөө комитети окуяны "Теракт" беренеси менен иликтеп жатат. Кол салгандардын алтоо жок кылынганы кабарланды.

24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей