БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дагы 100 автобус. Ош мэриясы техниканы Өзбекстандан алды

Дагы 100 автобус. Ош мэриясы техниканы Өзбекстандан алды

Ош шаарынын мэриясынын расмий баракчасы

Ош шаарынын мэриясы Өзбекстандан 100 даана автобус сатып алды. Коомдук автоунаалар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынган. Бүгүн, 21-мартта автобустардын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

 

Өзбекстандан сатып алынган автобустардын ар бири 89 миң 500 (АКШ) долларынан бааланган. «ISUZU SAZ LE 60» үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын «СамАвто» заводунан чыгарылган.

Ош шаарынын тургундары аймакта эл ташуучу унаалар эски экендигин жана жетишсиз болуп жатканын байма-бай айтып, нааразычылык билдирип келишет. Жергиликтүү бийлик буга чейин автобустар алынса, шаардагы коомдук транспорт маселеси чечилээрин  маалымдаган.

Ош мэриясы 2022-жылы Өзбекстандан 50 автобус сатып алынган. Алар да "Өзбек-Кыргыз" өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, автобустардын ар бири 37 миң доллардан бааланган. 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан коомдук унаа, бийик, ичи тар, ыңгайсыз экендиги кийин жүргүнчүлөр тарабынан сынга алынган.

Азыр жаңы автобустарга айдоочулар жетишсиз болууда. Ош мэриясынын өкүлдөрү буга айлык акынын аз болуп жатканы себеп болуп жатканын билдиришкен.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей