БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дагы 17,98 чакырым. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо уланып жатат

Дагы 17,98 чакырым. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо уланып жатат

Интернеттен алынды

Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы  такталды. Мындай жыйынтыкка 1-8-ноябрь күндөрү Тажикстандын Согд облусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтор жолугушуу учурунда келишти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганын Министрлер кабинети билдирди.

 

 



Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат.



Буга чейинки жолугушуу 22-28-октябрда Баткен шаарында болгон. Ал эми 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн жолугушууда эки өлкөнүн чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылган. Топографиялык топтор ага чейинки жолугушуусунда чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.



Бирок өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын кайсы жерлери такталганы тууралуу  ачык маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки мамлекеттин башчылары жолукканда, жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырасташкан.

 

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей