БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дагы бир депутат "Чет элдик өкүл" мыйзам долборуна автор болуудан баш тартты

Дагы бир депутат "Чет элдик өкүл" мыйзам долборуна автор болуудан баш тартты

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Депутат Алишер Эрбаев "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартты. Ал мындай чечимди демилгечиге берген сунуштары эске алынбагандынан улам кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал 22-февралда Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоор талкууланып жатканда айтты.

Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нече депутат баш тарткан.

Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

«Адилет» укуктук клиникасы «чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

 

Автор: Т-Медиа > 354 статей