БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Орунбеков: "Ысык-Көл" аэропортуна тор тосмолор коюлат

Орунбеков: "Ысык-Көл" аэропортуна тор тосмолор коюлат

"Ысык-Көл" аэропортунун кулаган дубалы/Сүрөт: Бакыт Төрөгелди

Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортуна тор тосмолор коюла турганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Орунбеков окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербөөгө чакырган. 

"Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат”, - деп жазды ал социалдык түйүнүндөгү баракчасына.


17-февралга оогон түнү болгон катуу шамалдан “Ысык-Көл” аэропортунун дубалы кайра кулап калган. Былтыр март айында ушул эле аба майдандын дубалы кулаган. Анда Дайырбек Орунбеков  катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей