БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Заводдун түтүнү айылды каптайт". Оштун четиндеги өндүрүш ишканалар экологияны кантип талкалоодо?

"Заводдун түтүнү айылды каптайт". Оштун четиндеги өндүрүш ишканалар экологияны кантип талкалоодо?

Кара-Суудагы кыш завод. Сүрөт: "Т-Медиа"

Бардык жак кара түтүн. Элге ушундай мамиле кылган туурабы? Дем алганга мүмкүн эмес. 

Бул тасма Оштогу Датка айылында тартылган. Жергиликтүүлөр кыш заводдон чыккан түтүн менен чаң аларды "уулап" жатканын айтууда. Аймакта буга окшогон ондой өндүрүш ишкана бар. Алар экологияга кандай таасир этүүдө? Экологдор эмне дейт? Кыргызстан климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык келишимдерди аткарып жатабы?

Оштун Кара-Суу районуна караган Аччы массивинде 20 гектарды ээлеген кыш завод бар. Өндүрүш жайы он жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Аны "Бердике-Ата-Курулуш" компаниясы иштетет. Аймакта мындан сырткары дагы төрт кыш завод, беш өндүрүш ишканасы жайгашкан. Дээрлик баарында айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбей тургандыгын далилдеген экологиялык паспорт жок.

"Бердике-Ата-Курулушка" таандык заводдон 15 метр алыстыкта Азизахан Азимжанованын үйү жайгашкан. Кыш бышыруучу мештен чыккан түтүн менен жыт анын жашоосуна бир топ эле кедергисин тийгизип жатыптыр.

"Жарык өчүп калабы же көмүргө бир нерсе кошушабы билбейм, көп учурда көңүл айланткан жыт келет. Корообуздагы дарактар куурап калып жатат. Улам жаңы эгебиз, улам куурайт. Түтүн чыгара турган моорлорун бийигирээк кылса, түтүн жогору чыгып кетип бизге келбейт эле. Башкалар ошентип жогорулатып койгон. Аны деле кылбай жатышат. Кирди үйдүн ичине жаябыз. Эшиктерди, айнектерди ачпайбыз такыр. Богоктон операция болдум, андан кийин инсульд болуп калдым. Заводдон чыккан жытка чыдаш кыйын, дем алышым оорлоп барат", -дейт Азимжанова.

Негизи мештерден чыгып жаткан температуранын таасири кыйла аймакка жетет. Эколог Абдижапар Аккулов мындайда заводдун үйлөрдүн курчоосунда жайгашканы тургундарды эле жабыркатпастан, өсүмдүктөргө, курт-кумурскаларга да сөзсүз зыянын тийгизет дейт. Ал топуракты казып, кышты бышыруудагы процесстин абага канчалык таасирин мындай түшүндүрдү:

"Биринчиден, казып жаткандагы чаң радиуста таркайт да. Айылга жакын боло турган болсо мунун зыяны көп. Экинчиден, кышты бышырууда газ колдонулат же электр энергиясын колдонсо болот. Биздин шарта жергиликтүү көмүр менен бышырабыз. Анын сапаты кандай эле? Көмүрдөн жакшы тап болбогондон кийин атайын электр насостор менен үйлөтүп күчтөндүрүп жатабыз. Бышпаган, арзан сапаттагы шлактарды күйгүзүп иштетет. Анын атмосферага зыяны канчалык экенин эч ким сурабагандыгы туура эмес. Кайсы бир оор элементтер чөп катмарына олтурат. Аны мал жеп жатат".

Кыргызстан БУУнун конвенциясына мүчө

Кыш өндүрүүчү жайдан хлор, ангидрид сыяктуу уулуу заттар бөлүнүп, абанын сапатын начарлатат. Ал эми Кыргызстан абанын булганышын алдын алууга милдеттеме алган. Өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) "Абанын чоң аралыктарга транс чек аралык булганышы тууралуу конвенциясына" 2000-жылы мүчө болгон. Ага ылайык, абаны кирдетүүчү таштандылар менен күрөшүүнүн каражаты катары саясат менен стратегияны иштеп чыгышы керек эле. Абанын булганышын кыскартуунун технологияларын аныктап, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кол коюлган.

Кайрадан кыш заводго кайтсак, өндүрүш ишкана ачуу үчүн экология, санэпид, архитектура сыяктуу онго чукул тиешелүү органдардын оң корутундусу керек. Ал жайдан улуу заттар бөлүнүп чыккандыктан, биринчи класстагы өндүрүштөр объектерине кирет. Коргоо зоонасы 1000 метр болушу шарт. Бул деген сөз заводдон чар тарабында бир чакырымдык аралыкта эч кандай турак-жай, эс алуучу жай жана башкалар болбошу керек.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей