БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиададагы дем берген сүрөттөр

Паралимпиададагы дем берген сүрөттөр

Сүрөт: gettyimages

Учурда Франциянын Париж шаарында майыптыгы барлар арасында Паралимпиада оюндары өтүп жатат. Бүгүн мелдештин төртүнчү күнү.

Биз спортчулардын оюндардагы дем берип, жүрөк жылыткан сүрөттөрү менен бөлүшүүнү чечтик. Мындай ирмемдерди америкалык gettyimages агенттиги өзүнүн сүрөттөрдүн топтомун жарыялаган сайтына жүктөп жатат.

Спортчулардын арасынан эки колу жок сууда сүзүп, жаа аткан, отуруп волейбол, арабада теннис ойногондорду кезиктирсе болот.

Быйыл жайкы Паралимпиада оюндары 17-жолу уюштурулуп жатат. Мелдештерге 182 өлкөдөн 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышууда.


Паралимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу кеткен. Гүлназ Жүзбаева 1500 метр аралыкка чуркайт, пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы, пара дзюдодон Маматибраим Суранов, пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева беттешке чыгат.

 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей