БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын утту

Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын утту

Денис Петрошов

2024 TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу Денис Петрошов сууда сүзүү боюнча биринчиликти ээледи. Бул тууралуу 12-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментти билдирди. Мелдеш 11-апрелде АКШнын Сан-Антино шаарында өткөн.

Петрашов брасс ыкмасы менен 100 метр аралыкты бир мүнөт 49 секундда сүзүп өтүп финалга чыккан. Финалда жүз метрди 59,83 секундда сүзүп биринчи келген. 

Кыргызстандык спортчу 2017-2019-2024-жылдары Азия чемпионатында алтын утуп алган. Сууда сүзүүчү быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына да катышат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей