БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Депутат Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады

Депутат Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Депутат Элдар Абакиров парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында Бишкектеги ыш маселесин көтөрүп, көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады. Эл өкүлү кир аба жарандардын ден соолугуна терси таасирин тийгизип жатканын белгилейт. Ал "Кыргыз газдын" "борбор калаа эки жылда көгүлтүр отко толугу менен өтөт" деген билдирүүсүн көтөрүп, чечүү жолдорун тездетүүнү айтты. 

"Шаардын чет жагында жайгашкан, жер үйлөрдө от жагылып дем алуу кыйын болуп, бала чака өзүбүздүн ден соолугубузга өтө чон терс таасирин тийгизип жатат. Кыргыз газдын өкүлү "2026-жылга чейин газды толугу менен Бишкеке өткөрөбүз" деп айткан. Демек, эки жылда толугу менен өткөрүлсө, көмүр жана башка нерсени жагууга тыйуу салсак, ошол гана жол менен биз абаны тазалай алабыз. Башка жол жок", - деди ал.

Быйыл Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 миллион доллар насыя алууга кол койгон.

Соңку жылдары Бишкек абанын булганышы боюнча индексте биринчи орунга чыгууда. Өзгөчө жылытуу мезгили башталганда шаардын үстүн ыш кара түтүн каптайт. Ушундай эле көйгөй Ош шаарында да бар. Кир аба ден соолукка олуттуу коркунуч жаратарын экологдор дайыма айтып келишет. 

Автор: Осмонова Айдана > 739 макала