БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды

Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды

Айбек Осмонов

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-марттагы отурумунда Айбек Осмоновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу арызын бир добуштан колдоду.

БШКга Осмоновдун арызы бүгүн келип түшкөн эле.

Буга чейин Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Андан соң 28-февралда Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн өргүүгө үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу чыгып кеткени кабарланган.  Ал Түркияда дарылануусу аяктаганына байланыштуу 11-мартта Кыргызстанга кайтып келгенин "Азаттыкка" берген комментарийинде айткан. Осмонов Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-мартындагы жалпы жыйынына катышты.

Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Ош округунан шайланып келген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей