БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткендеги сурма, сымап комбинатынын жумушчулары үч айдан бери айлык ала албай жатканы айтылды

Баткендеги сурма, сымап комбинатынын жумушчулары үч айдан бери айлык ала албай жатканы айтылды

Айдаркен сымап комбинаты

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Баткендеги Кадамжай сурма комбинаты жана Айдаркен шаарындагы сымап комбинатынын жумушчуларына эки-үч айдан бери айлык берилбей жатканын айтты.


"Кадамжай районунда, Айдаркен шаарында сурма комбинаттары бар. Азыркы учурда аны "Дуваташ" деген ишкана иштетет. Алар 2, 3 айдан бери кызматкерлеринин айлыгын бербей келишет. Соцфондго да акча төлөбөй жатышат экен. Салык да төгүшпөптүр, электр энергиясына да карыздарын төлөбөй жатыптыр. Бунун артында ким турат? Ушул боюнча да сиздерден протоколдук тапшырма күтөм. Анткени бизге эл кайрылып жатат. Ал жерде азыр өз билемдик менен эле иш алып барышып, бүрөөлөрдүн атын жабынып жатышат", -дейт ал. 

Үстүбүздөгү жылдын 31 мартында Айдаркендеги сымап комбинатынын жумушчулары айлык төлөө талабы менен иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышкан. 

Түркияда негизделген "Дуваташ" фирмасынын аты Кадамжайдагы сурма жана Айдаркен сымап комбинаттарына башкы инвестор катары аталып жүрөт. Салык кызматы былтыр ишкана 44 миллион сом карызы менен алдыңкы ондук тизмеге киргенин билдирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей