БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Депутат Армения, Абхазиядан келген унааларга мунапыс берүүнү сунуштады

Депутат Армения, Абхазиядан келген унааларга мунапыс берүүнү сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Парламенттин 5-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген автоунааларга бир жолку мунапыс берүүнү сунуштады. Эл өкүлү муну менен бюджетке каражат түшөрүн, жарандарга да ыңгайлуу болорун айтат. 

"Абхаз, армиян номурлуу унаалардын айдоочулары кайрылып жатат. Алардын унааларын учурда айып короого кирзилүүдө. Бул мыйзамдын талабы. Бирок биз депутаттар эки жыл мурун мунапыс кылууну көтөргөнбүз. Мунапыс берсек менимче, бюджеттке дагы, биздин жарандаргы да жакшы болот. Жөн эле жарандарды жүдөтпөй", -деди эл өкүлү. 

Бул маселени апрелде депутат Балбак Түлөбаев да көтөргөн. Ал эки өлкөдөн келген машинелерди бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштаган.  

Буга чейин ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууну эскерткен. Мекеме соңку учурда Армениядан, Абхазиядан жана Орусиядан унааларды тетик катары Кыргызстанга алып келип, бул жактан чогултуп унаа катары саткан учурлар бар экенин айткан. Мындайда унаалар чек арадан, бажыдан каттоодон өтпөй, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турганы да жазылган. Министрлик чет өлкөлүк номурлуу унааларды иретке келтирүү максатында Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен жакынкы күндөрү рейддер башталарын кошумчалаган.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала