БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Чыңгыз Ажибаевдин атасы "Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу" наамынан ажыратылды

Депутат Чыңгыз Ажибаевдин атасы "Сүлүктү шаарынын ардактуу атуулу" наамынан ажыратылды

Сүрөт: УКМК

Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган Ильяскожо Ажибаев "Сүлүктү шаарынын ардактуу аттуулу" наамынан ажыратылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" шаардык кеңештин төрагасы Руслан Жайнаков билдирди. 

 

Жайнаковдун айтымына караганда, мындай кайрылууну Сүлүктүнүн тургундары келтиришкен. Ага ылайык, 4-декабрда шаардык кеңештин кезексиз жыйыны өткөрүлүп, депутаттардын көпчүлүгү колдоп берген. 

Буга чейин  Азаттык "Сүлүктү: салыктан качкан "көмүр мафиясы" атуу иликтөө жарыялаган. Материалда Ильяскожо Ажибаевдин аты аталган. Анда Сүлүктү көмүрү боюнча казынага эң көп - 48 млн сом акча төктүргөн "Рио Групп" компаниясына Ильскожо Ажибаевдин аялы Асилхан Макамбаеванын тиешеси бар экени аныкталган. 

Ильскожо Ажибаев Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы. Эл өкүлү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Көлбаевдер менен эч кандай байланышы жок экенин айткан.

УКМК 25-ноябрда уюшкан кылмыштуу топтордон баш тарттыруу боюнча иштер жүргөнүн кабарлап, төрт кишинин видео кайрылуусун жарыялаган. Алардын катарында Ильяскожо Ажибаев да болгон. Ал кылмыштуу дүйнөгө тиешеси болбогонун, "Дед Хасан" жана "прокурор" деген каймана аты жок экенин" айткан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей