БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Депутат Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-январдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот.
Эмил Жамгырчиев мамлекекттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө.
10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан.
Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ошол күнү парламентке келгенде да ырастаган. Ошондой эле ал Эмил Жамгырчиев камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын далилдеши керек экенин билдирген.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. Ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.
Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat