БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Эмил Жамгырчиев кесиптештеринен аны сындабай турууну суранды

Депутат Эмил Жамгырчиев кесиптештеринен аны сындабай турууну суранды

Эмил Жамгырчиев/ 16-январь

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 16-январда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынына катышып, депутаттардан аны сындабай турууну суранды.

Жамгырчиев ким күнөөлүү экенин сот гана чечээрин белгилейт.

"Депутат катары эмес, жөнөкөй жаран катары өзүмдүн кесиптештеримден "Алдын-ала сын-пикирден алысыраак болсок" деген суранычым бар эле. Менин айланамдагы жагдай боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери аяктап, сотко өтөт. Соттон кийин менин да маалыматтарым болот. Ошол маалыматтармды угуп, соттун өкүмү чыккандан кийин бири-бирибизге сын айтсак. Ата-энем, үй-бүлөм бар, аларды, өзүмдү да ыңгайсыз абалга коюп атабыз",-деди Жамгырчиев. 

Ал эми комитеттин төрагасы Сүйүн Абдылдаев Жамгырчиевдин иши парламентте каралып жатканда келип маалымат берсе, "көп маселелер чечилет болчу" деген пикирин айтты. 

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев эл өкүлү 2022-жылы Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден ("Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал) колдоо алуу максатында жолукканы аныкталганын айткан. Депутаттын үстүнөн Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун кошумчалаган. 

2023-жылдын 27-декабрында  Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Жамгырчиев Кылмыш-Жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып жатат.

Анын ишин иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия ушул жылдын 9-январында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.  Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен.

Жамгырчиев 12-январда УКМК га сурак берип чыккан. УКМК депутаттын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча тергөө иштери аяктап калгандыгын, жакында сотко өткөрүлөрүн кабарлаган.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей