БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берип чыкты

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берип чыкты

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Дайынсыз болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 12-январда УКМКга барып, шектүү катары сурак берди. Атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлагандай, сурак анын жактоочусунун катышуусунда жүргүзүлдү. Башка тергөө амалдары да жүргүзүлүп, эч жакка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулган.

Мындан сырткары УКМК депутаттын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча тергөө иштери аяктап калгандыгын, жакында сотко өткөрүлөрүн кабарлады. 

Эске салсак: 10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев эл өкүлү 2022-жылы Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден ("Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал) колдоо алуу максатында жолукканы аныкталганын айткан. Депутаттын үстүнөн Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун кошумчалаган. 

2023-жылдын 27-декабрында  Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Жамгырчиев Кылмыш-Жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып жатат. 

Анын ишин иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Алар ушул жылдын 9-январында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. 

"Азаттык" ишенимдүү булактарына таянып, ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышканын жазган. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей