БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин иликтегени депутаттык комиссия түзүлдү

Депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин иликтегени депутаттык комиссия түзүлдү

Сүрөт: "Вести"

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу парламенттин 27-декабрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев билдирди. Анын айтымында, Жамгырчиев Кылмыш-Жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталууда. 

Эмил Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн 8 депутаттан турган комиссия түзүлдү. Курамына Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исираилов, Султанбай Айжигитов кирди. 

Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши ушул жылдын 26-июлунда токтотулган. УКМК аны 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Кийин 20 млн сом төгүп, соттон акталып чыккан. Андан соң Жогорку сот актаган өкүмдү жокко чыгарып, ишти райондук сотко кошумча тергөөгө кайтарган. Анда ишти кароо убактылуу токтотулган эле. Бирок бул иш кайрадан жанданып, соттук отурум ушул жылдын 7-декабрда болорун Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабарлаган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей