БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат интернетте жалган жалаа жазгандарга айып каралган мыйзамга каршы экенин билдирди

Депутат интернетте жалган жалаа жазгандарга айып каралган мыйзамга каршы экенин билдирди

коллаж

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Укук бузуулар жөнүндө" мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирди. Ал пикирин Бишкекте аталган демилгение талкуулоо үчүн өтүп жаткан жыйында айтты. 

Эл өкүлү мыйзамда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан айып пул салынышы каралганы туура эместигин, долбоор чийки экенин белгилеп жатат. 

"Бул мыйзам долбоору жарандардын оозун жабууга аракет кылуу максатында жазылган. Негизи керек. Бирок мынчалык деңгээлде эмес да. Экинчиден мыйзамдын аткарылышы деле өтө кызык болуп турат. Маданият министрлиги эч качан айып пул сала албайт. Ошондуктан мен каршымын жана депутаттарды да буга каршы добуш берүүгө чакырам",- деди депутат. 

Бул мыйзам долбоорун талкуулаган иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана юристтер катышууда.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Анда мыйзамды аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөнү айтылган. 

Долбоордо жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда жана алардын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталган. 17-августта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети аны биринчи окууда карап, колдоп беришкен.

2021-жылы Кыргызстанда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей