БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Молдобекова иш бөлмөсүн тинтүү жардамчысына байланыштуу экенин айтты

Депутат Молдобекова иш бөлмөсүн тинтүү жардамчысына байланыштуу экенин айтты

Сүрөт: vesti.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынды деген маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди.

Ал өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин белгилеп, тинтүү жардамчысына байланыштуу жүргүзүлгөнүн айтты. Депутаттын белгилешинче, анын жардамчысы документ жасоого байланыштуу кармалган болушу мүмкүн.

"Менин иш бөлмөмө кирбептир. Жардамчымдын өзүнүн иштери бар экен, ошого байланыштуу кармап кетти деген маалымат алдым. Бирөө практикада жүргөн эле, ага кол дагы койо элек болчумун. Документ жасалмалоого байланыштуу дегенди гана уктум. Мурда 6-чакырылышта бул бала машине айдап жүргөн, 7-чакырылышта мен жардамчы кылып алгам. Азыр Өзбекстандамын, мен дагы кабарлардан көрүп нес болуп калдым. Өзү менен байланышкан жокмун. Менин иш бөлмөм ачылбаптыр, кабылдамадан эле аны алып кетиптир", - деди Молдобекова.

Буга чейин Молдобекованын иш бөлмөсү тинтилип жатканы тууралуу видео жарыяланып, муну окуянын күбөлөрү "Азаттыкка" ырасташкан. Тинткендер Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү экени айтылууда. Азырынча УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын күч органдары депутат Молдобекованын эки жардамчысын кармап кеткенин жазышты.

Автор: Т-Медиа > 353 статей