БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Депутат мугалимдерди тилдегендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады

Депутат мугалимдерди тилдегендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мугалимди тилдегендерге жазаны күчөтүүнү, бул боюнча билим берүү жана илим министри мыйзам алып келүү сунушун айтты. 

"Бул токтобойт. Эртең да бирөө келет. Дагы бир мугалимдин чачын жуулуп кетет. Окуучу келип мугалимди шылдыңдап кетет. Президент көңүл буруп жаткандан кийин Өкмөт ушуга мыйзам алып келсинчи. Билим берүү министрлигине айтыңыздар.Ошону карап чыгып күчөтүп коёлу деген нерсени айткым келип жатат", -деди депутат. 

6-ноябрь күнү кечинде социалдык тармакта ата-энелердин бири мектеп мугалимин тилдеп жатканы тартылган видео тараган. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча комментарий берип, окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирген. Министрлик окуя көзөмөлгө алынганын, мугалимдерге сый-урмат мамиле кылууну эскерткен. Мугалимди урушкан окуучунун ата-энесине мин сом өлчөмүндө айып пул салынган. 

20-ноябрда президент Садыр Жапаров "Жылдын мыкты мугалими" жана "Мыкты тарбиячысы" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында мектептеги окуяны сынга алган. Анда өлкө башчы мугалимдин сабагын эч ким токтотууга укукугу жоктугун белгилеген. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала