БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Шайлообек Атазовдун мандатын Муртазалиевге берүү чечимин чыгарды

Сот Шайлообек Атазовдун мандатын Муртазалиевге берүү чечимин чыгарды

Шайлообек Атазов

Бишкектин административдик соту Бишкек шаарындагы №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды. Мекеме ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун бекитти. Бул тууралуу 6-мартта "Т-Медиага" аталган соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Соттун чечими 1-мартта чыккан.

Маалыматка караганда, Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу өтүнүчүн сотко Абдурахманхажи Муртазалиев берген. Ал 22-февралда ушундай эле арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганда, мекеме арызды канааттандырган эмес. Андан соң Муртазалиев сотко кайрылган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Шайлообек Атазов ден соолугунан улам акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин кабарлаган. 

Жергиликтүү басылмалар Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан иштен улам чет жакка чыгып кеткенин жеке булактарына таянып жазышкан. Андан кийин Атазаов кайрылуу жасап, ушул тапта Түркияда дарыланып жатканын, кайра өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы депутаттыка аттанган.  Анда талапкерлердин бири Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айтыпталып, жарыштан четтетилген болчу. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей